Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

 Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россияга КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

– министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;

-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Связанный пост