Шопоков шаарындагы шире чыгаруучу завод модернизацияланып, кубаттуулугу жогорулады

Чүй облусундагы “Экопродукт Азия” ишканасы модернизацияланып, жаңы жабдыктар алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, модернизацияланган ишкананын кубаттуулугу күнүнө 30 тоннадан 100 тоннага чейин көбөйүп, өндүрүмдүүлүк 3,5 эсе жогорулаган.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышып, ал туш болгон маселелерди чечүү максатында көчмө жыйында болду.

Ишкана сок чыгаруучу Кыргызстандагы алдыңкы компания. 11 жылдан бери 800дөн ашык дыйкан-фермерлер менен кызматташып келет. Шопоков шаарындагы 2300 чарчы метр аянтты ээлеген завод Tetra Pakтын заманбап европалык технологиялары менен жабдылган. Анда Кыргызстандын бардык аймактарынан келген алма, алмурут, сабиз жана башка жемиштер кайра иштетилет. Заводдо 3 литрден 220 литрге чейинки баштыктарга сок куюучу жаңы асептикалык жабдыктар дагы орнотулган.

Компания жемиштерден калган калдыктардан пюре даярдоону пландаштырууда. Бул чийки затты 100% кайра иштетип, таштандысыз өндүрүшкө өтүүгө мүмкүндүк берет. “Экопродукт Азиянын” продукциялары адал стандарттары боюнча сертификациядан өткөню Учурда анын продукциялары Кыргызстанда сатылып, Казакстан менен Өзбекстанга экспорттолот. Көчмө жыйындын жүрүшүндө компаниянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, Россия менен Кытай рыногуна чыгууга ар тараптуу көмөктөшүү боюнча министрликтин бөлүмдөрүнө тапшырма берилди.

Связанный пост