2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсия көбөйдү
Пенсионерлердин жашоо-шартын жакшыртуу, аларга колдоо көрсөтүү маанилүү кадам болуп саналат. Ушуга байланыштуу, 2024-жылдын 1-октябрынан тартып пенсияларды жогорулатуу чечими кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, жалпы суммасы пенсионердин жашоо минимумунан, же 6900 сомдон төмөн болгон пенсиялар үчүн пенсиянын базалык бөлүгүнө индексация жүргүзүлөт.
Бул “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, мындай пенсиялардын жалпы өлчөмүн жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Эгерде 2021-жылы жашоо минимумунан төмөн пенсия алган пенсионерлердин саны 349,000 (пенсионерлердин жалпы санынын 49%) болсо, 2023-жылы бул көрсөткүч 306,000 (40%) чейин төмөндөгөн. Эми үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып, бул көрсөткүч жокко чыгарылды.
Тагыраагы, эми пенсиянын минималдуу өлчөмү 6900 сомдон кем бобойт. Ал эми, жашоо минимумунан жогору пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 18% га, бирок 1000 сомдон кем эмес көбөйтүлөт.
Пенсиянын жогорулашы жалпысынан 787 500 адамга таасирин тийгизет жана бул үчүн 2024-жылдын 3 айына кошумча 3 млрд 927 миллион сом талап кылынат. Бул каражаттын 3 млрд 140 млн сому пенсиялык фонддон, ал эми 787 млн сому республикалык бюджеттен каржыланат.
Эске салсак, жогорулоонун 1-этабы 2024-жылдын 1-июлунда жүргүзүлүп, эң төмөнкү пенсиян 3500 сомго чейин көбөйгөн.