Адылбек Касымалиев Еревандагы экономикалык форумдун алкагындагы “Жашыл Евразия” эл аралык сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ереван шаарында (Армения Республикасы) өткөн Евразия экономикалык форуму-2024 пленардык жыйынынын алкагында «Жашыл Евразия» эл аралык климаттык сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышты.

Адылбек Касымалиев сынактын жеңүүчүлөрү – «Газпромбанк» ААКсына, Борбордук Азиянын Экологиялык жана Климаттын өзгөрүшүн изилдөө Университетине, «Чоң үчтүк» жана “Термопол” уюмдарына, «Климаттык финансы», «Климат тармагындагы билим», «Төмөн көмүртектүү циркулярдык экономика» номинациялары боюнча  сыйлыктарды тапшырды.

Белгилей кетсек, сыйлык тапшыруу аземине Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын вице-премьер-министрлери да катышты.

Связанный пост