МинКаб башчысы ЕӨАКнын чектелген курамдагы жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ереван шаарында (Армения Республикасы) өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.

 

Жалпысынан ЕӨАКнын тар жана кеңейтилген курамдагы отурумунун күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген.

 

Иш-чара башталаар алдында делегация башчыларынын сүрөткө түшүү аземи болду.

 

Мындан тышкары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгына арналган эстелик почта маркаларын чыгаруу аземине катышты.

Связанный пост