Түркиянын маданий мурасы: цивилизациялардын башатына кайтуу

Түркиянын маданий мурасы: цивилизациялардын башатына кайтуу

Анатолия аймагында, тарыхка чейинки мезгилден бери бир нече цивилизация кесилишкен жерлерде жайгашкан Түркия, байыркы маданияттардын уникалдуу казыналарын дүйнөгө ачып берүүнү улантууда. Бул жерлер дүйнөдөгү эң байыркы жашоого жарактуу аймактардын бири болуп саналат жана адамзат тарыхындагы көптөгөн окуялардын күбөсү болуп келген. Бүгүнкү күндө бул аймактарда 12 ай бою жүргүзүлүп жаткан археологиялык казуулар аркылуу бай маданий мурас жайында ачылууда. 2024-жылы адистер дүйнөлүк тарыхка дагы бир жолу таасир этчү маанилүү ачылыштарды жасашты. Ошондой эле, чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылып кеткен артефакттарды кайтаруу боюнча аракеттер улантылууда.

 

Түркиянын археологиясынын “Алтын доору”

Өзүнүн маданий мурасын сактап калуу максатында бир катар археологиялык казуу жана реставрация иштерин жүргүзгөн Түркия археологиялык иштер боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги борбор катары өзүн көрсөттү. Алдыңкы төрт жылда Түркия акыркы 60 жылда жасалган иштердин көлөмүн теңдегенге аракет кылат. Бул контекстте 2024-жыл “Түркиянын археологиясынын алтын доору” деп жарыяланган. 2021-жылы археологиялык изилдөөлөрдүн саны 670 болсо, 2023-жылы бул сан 720га жетти жана 2024-жылы 750ге, 2026-жылы 800гө жетиши күтүлүүдө. Ошондой эле, казуу жүргүзүлгөн жерлерде консервация иштери жана туристтик объектилерди уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

 

2024-жылдагы археологиялык ачылыштар

2024-жылы эң эсте каларлык ачылыштардын бири — Денизлидеги байыркы Лаодикея шаарында табылган Сцилла статуялары болду. Бул скульптураларда адам жегич жандык Сцилланын башы менен колу, Одиссейдин денеси жана Сцилланын капталындагы жапайы иттерден жабыр тарткан эки шеригинин үстүңкү денелери жана Одиссейдин кемесинин мурду чагылдырылган. Скульптуралар өзүнүн жакшы сакталып калган оригиналдуу боёктору жана эллинисттик доордогу барокко стили менен айырмаланат. Айдыңда жайгашкан Афродисиас археологиялык ЮНЕСКО объектисинде да Зевстин чоң башынын скульптурасы табылган. 2000 жылдык бул эстелик дээрлик бузулбаган абалда сакталган.

Кахраманмараштагы Дирекли үңкүрүнөн 13 000 жылдык сөөктөн жасалган тигүү ийне табылган, ал аймактын текстиль тарыхы менен байланыштырылган. Дүйнөдөгү эң байыркы неолиттик аймактардын бири болгон Карахантепеде жапайы жаныбарлардын кыймылда сүрөттөлгөн алгачкы элестери табылган. Археологдор бул жерде чуркап бараткан жапайы эшектин сүрөтү түшүрүлгөн таш плитаны казып чыгышкан. Байыркы хетттердин Каялыпынар (Сивас) шаарында 3900 жылдык кол тамгалар табылган, алар ассириялык соода колониялары мезгилине таандык болуп саналат. Бул табылгалар 4 миң жыл мурунку адамдардын издерин көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, археолог-суучулдар тарабынан Анталиядагы Кумлуджанын жээктеринен миной цивилизациясына таандык 3600 жылдык коло кылыч табылган. Бул ачылыш Жер Ортолук деңизинин тарыхый соода жолдорун жана маданий байланыштарын кайра карап чыгууга түрткү болууда.

Памфилиянын эң сонун шаарларынын бири болгон байыркы Аспендостон 2000 жылдык Зевс жана Афродита статуялары табылган. Байыркы Мира шаарынын Андриаке портунда миллефиори техникасы менен жасалган декоративдүү панелдер табылган. Бул артефакттар Түркияда биринчи жолу ушундай ыкма менен жасалган айнек буюмдар болуп саналат. Ошондой эле, Вандагы байыркы Айанис шаарынан урарттардын башкы кудайы Халдиге арналган үч коло калкан жана коло шлем табылган. Бул табылгалар Урарт маданиятынын металл иштетүү өнөрүнүн жогорку деңгээлин чагылдырат. Түркиянын бардык аймактарында жүргүзүлүп жаткан казуулар тарыхты ачып, миңдеген жылдар мурунку окуяларга жарык чачууда.

 

Маданий баалуулуктарды кайтаруу

Түркия чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарылып кеткен артефакттарды кайтаруу аракеттерин да улантууда. Быйылкы жылы бул аракеттердин жемиши катары бир катар баалуу артефакттар Түркияга кайтарылды. АКШдан 14 археологиялык жана этнографиялык артефакттар кайра кайтарылды. Кайтарылган маданий баалуулуктардын катарында эки коло баш скульптурасы, байыркы Бубон шаарынан (Бурдур) алынган ири коло статуя, керамикалык буюмдар, ар түрдүү доорлорго таандык тыйындар жана зер буюмдары, ошондой эле Осмон империясы доорунан эки кинжал бар.

Связанный пост