Бишкекте дагы 50 мектеп автобусун тапшыруу аземи өттү

“Евразия” автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстанга эң заманбап коопсуздук стандарттары менен жабдылган дагы 50 мектеп автобусун белекке берди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты жана “Евразия” кеңешинин төрагасы Алена Аршинова, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов, Мамлекеттик Думанын төрагасынын орун басары Борис Чернышов катышты.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында дагы аталган уюм тарабынан Кыргызстанга 50 мектеп автобусу берилген. Ошентип, жалпы 100 автобус өткөрүлүп берилди.

Связанный пост