Бакетаев: 2025-жылга республикалык бюджеттин болжолдонгон профицити 26 млрд сомду түзөт

 Бакетаев: 2025-жылга республикалык бюджеттин болжолдонгон профицити 26 млрд сомду түзөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

 

Күн тартибинде 12 маселе бар, алардын талкуулоонун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

 

Жыйында каралган маанилүү чечимдердин бири – “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо маселеси.

 

Бул маселе боюнча баяндаманы каржы министри Алмаз Бакетаев жасады.

 

Ал белгилегендей, 2025-2027-жылдарга бюджеттин долбоорунда эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеши тарабынан жактырылган 2025-2029-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын долбоорунун параметрлеринин негизинде жүргүзүлөт.

 

«Мамлекеттик бюджеттин чогуу алгандагы кирешелеринин жалпы көлөмү 472 856,1 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда. 2025-жылга республикалык бюджеттин болжолдонгон профицити 26 105,8 млн сомду түзөт, аны экономикалык ишмердүүлүккө жана мамлекеттин милдеттенмелерин жабууга, анын ичинде өлкөнүн тышкы карызын жабууга жумшоо пландаштырылууда», – деп билдирди Алмаз Бакетаев.

 

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү бир добуштан колдоп, кабыл алышты.

Связанный пост