Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 23-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышып, президенти Садыр Жапаровдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзүн окуду.

Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алган.

Связанный пост