Бала бакчаларда тарбия иштери толугу менен мамлекеттик тилде болуусуна аракеттер жасалууда

 Бала бакчаларда тарбия иштери толугу менен мамлекеттик тилде болуусуна аракеттер жасалууда

Кыргызстанда бала бакчаларда тарбия иштери толугу менен мамлекеттик тилде болуусуна аракеттер жасалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди.

 

Анын айтымында, тарбиячыларды окутуу, мамлекеттик тилде китепчелерди жана колдонмо усулдарды чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

 

“3-4 айдан бери бала бакчаларда тарбия иштери толугу менен мамлекеттик тилде өтүүсүнө аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Мисалы, тарбиячыларды окутуу, колдонмо усулдардын бардыгын мамлекеттик тилде чыгаруу боюнча бир топ иш-аракеттер жасалууда. Азыр бала бакчаларга ылайыктуу китепчелерди дагы чыгаруунун үстүндө иш алып баруудабыз. Бөбөктөрдүн тилинин, аң-сезиминин калыптануусунда өтө чоң орунду ээлеп келген интернет айдыңындагы кыргыз тилдүү контенттин аздыгына байланыштуу улуттук программада бир катар иш-чаралар каралган. Бөбөктөрдүн тили мамлекеттик тилде калыптануусу үчүн атайын мультфильмдерди тартуу боюнча өзүнчө багытта иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле башка тилдеги мультфильмдерди кыргызчага которуу боюнча иштерди да айтсак болот. Андан кийин мектеп, жогорку окуу жай баскычында дагы мамлекеттик тилдин ордун күчөтөбүз. Биз Билим берүү министрлиги менен чоң программаны ишке ашырганы турабыз. Окутуунун мамлекеттик тилде болуусуна жеткирүү чараларын иштеп чыгуу максатында жумушчу топ да түзүлдү”, – деди ал.

Связанный пост