Кыргызстанда жашылчанын дүң жыйымы 50,9 миң тоннага көп жыйналды

 Кыргызстанда жашылчанын дүң жыйымы 50,9 миң тоннага көп жыйналды

Жашылчанын дүң жыйымы – 718,0 миң тонна, же 2023-жылдан 50,9 миң тоннага көп жыйналды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылга карата республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 492,5 миң га же 73,7 % аянтта жүргүзүлүүдө, бул өткөн жылга салыштырмалуу 93,9 миң га көп.

Буудай 231,4 миң га аянтта (96,2 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 46,0 миң га көп. Орточо түшүмдүүлүгү 29,1 ц/га болуп, 2023-жылга салыштырмалуу 5,6 ц/га жогору. Айрыкча, Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 30,0-33 ц/га түзүүдө. Дүң жыйым 673,7 миң тоннаны түзүп, бул өткөн жылга караганда 238,2 миң тоннага көп.

Арпа 226,1 миң га аянтта (90,2 %) жыйналды, бул өткөн жылга караганда 39,2 миң га көп. Түшүмдүүлүгү 25,8 ц/га болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,4 ц/га жогору. Дүң жыйым 582,8 миң тоннаны түзүп, былтыркыга караганда 164,5 миң тоннага көп болду. Арпанын эң жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда 29,1 ц/га жетүүдө.

Жүгөрү (дандык) жалпы 18,6 миң га аянтта (16,9 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 75,5 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 ц/га көп. Дүң жыйым 140,2 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 31,4 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Ош облусунда – 85,6 ц/га.

Чанактуулар жалпы 16,1 миң га аянтта (30,3 %) жыйналды. Түшүмдүүлүк 14,4 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,8 ц/га көп. Дүң жыйым 23,2 миң тонна болуп, бул 2023-жылга караганда 8,7 миң тоннага жогору. Эң жакшы түшүмдүүлүк Талас облусунда – 14,5 ц/га.

Картошканын 24,8 миң га (37,4 %) казылып алынып, орточо түшүмдүүлүк 170,3 ц/га болду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,6 ц/га жогору. Дүң жыйым 422,7 миң тонна болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 52,7 миң тоннага көп болду. Ысык-Көл жана Чүй облустарында түшүмдүүлүк 182-183 ц/га түзүүдө.

Жашылчанын дүң жыйымы 718,0 миң тонна болуп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 50,9 миң тоннага көп. Бахча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 268,3 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга караганда 59,1 миң тоннага жогору болду.

Ошондой эле, республика боюнча май өсүмдүктөрүн жыйноо иштери 4,97 миң га гүзүлүп, түшүмдүүлүк 11,3 ц/га түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 0,8 миң га көп. Дүң жыйым 5,6 миң тоннаны түзүп, өткөн жылга карата 800,0 тоннага көп.

Связанный пост