Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборуна барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Акылбек Жапаров негизги өндүрүштүк цехтерди көрүп, жабдуулардын абалы менен таанышып, ЖЭБтин учурдагы абалы жана жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча отчетторду укту.

 

Министрлер кабинетинин башчысы кышкы мезгилге сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле бардык тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгына токтолду.

 

Жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, энергияны үнөмдөө, ошондой эле жабдууларды модернизациялоо боюнча тиешелүү ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.

Связанный пост