Айбек Джунушалиев: Коомдук транспорт маанилүү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жетекчилиги алдында борбор калаанын жыйындар залында пландуу жыйын өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэринин жана орун басарларынын  протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы, ошондой эле борбор калаанын мэриясынын транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин жана “Бишкек шаардык транспорту” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маселе каралды.

Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын башчысы Кубандык Акматбековдун отчету угулду.

Белгиленген бардык тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууну Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тапшырды.

Ошондой эле, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев баяндама жасады.

Калаа башчысы коомдук транспорт маанилүү багыт экенин белгиледи. Ошентип, пландык жыйындын алкагында Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга коомдук муниципалдык транспорттун жол кире акысын төлөө системасын карап чыгууну тапшырды, мында жүргүнчү белгилүү бир убакыттын ичинде бир же бир нече жолу коомдук транспортто жүрө алат жана ага бир гана жолу төлөө мүмкүнчүлүгү берилет.   Мисалы, жүргүнчү биринчи автобустан экинчи, андан ары үчүнчү автобуска отуруп, 51 сом төлөсө, (накталай эмес төлөмдөр үчүн 17 сом), анда бул программа менен ошол эле каттамга  болгону 17 сом төлөсө болот.

Мындан тышкары, жакында жаан-чачындуу мезгил башталаарына байланыштуу “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына жолдорду жана тротуарларды ачпоо жана капиталдык оңдоону баштабоо, анын ордуна мурда башталган бардык иштерди бүткөрүү тапшырылды. “Тазалык” ишканасына жол сызыктарын жууп, зарыл болгон учурда жаңылоо тапшырмасы берилди.

Связанный пост