УКМК: Казакстандын желегин ыргытып жиберген жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

 УКМК: Казакстандын желегин ыргытып жиберген жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Казакстанда V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө өткөрүлгөн ат оюндарынын фонунда боордош элдердин ортосунда улут аралык кастыкты козутуу боюнча айрым деструктивдүү элементтердин аракеттери аныкталды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Фейсбук социалдык тармагында “Косай Сүйүнкулов” аттуу интернет колдонуучусу “КамАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу, Кыргызстандын жараны Казакстандын желегин демонстрация менен түшүрүп жаткан видеороликти таратып, бул социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан ар кандай пикирлерди жараткан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын негизинде аталган видеонун автору КР жараны 2003-жылы туулган С.У.С экени аныкталган. Буга байланыштуу С.У.С менен түшүндүрүү-профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, жаран эмоционалдык аракеттерди жасагандыгын мойнуна алган.

УКМК жарандарды провокацияга алдырбоого жана эки өлкөнүн боордоштук жана достук мамилелерине залакасын тийгизиши мүмкүн болгон спорттук оюндарга байланыштуу мындан аркы ининуацияларды, чакырыктарды жана ар кандай карама-каршы аракеттерди токтотууга чакырат.

Связанный пост