Адылбек Касымалиев КМШнын Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев башында турган КР делегациясы Россиянын Москва шаарында Көз карандысыз мамлекеттершериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда КМШнын аймагындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары тереңдетүү боюнча чаралары талкууланды.

Экономикалык кеңештин мүчөлөрүнүн биргелешкен талкуусунун жыйынтыгы боюнча отурумдун жүрүшүндө төмөндөгү чечимдерге кол коюлду:

  • КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар жөнүндө;
  • КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетинен каржылануучу КМШ органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелерин жөнгө салуучу КМШнын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;
  • Авиация жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча кеңештин жана Мамлекеттер аралык авиация комитетинин иши жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин Координациялык транспорттук кеңешменин иши жөнүндө;
  • КМШнын геопорталын толтуруу жана анын кызматтарынын иштешин камсыз кылуу максатында КМШга мүчө-мамлекеттердин ачык колдонуудагы мейкиндик маалыматтарын алмашуу жөнүндө;
  • Жарандык кеме курууну өнүктүрүү жана кеменин тетиктерин өндүрүү боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө;
  • 2030-жылга чейинки мезгилге жер астындагы сууларды изилдөө, пайдалануу, коргоо жана мониторинг жүргүзүү жаатында КМШга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын өнүктүрүү программасынын долбоорлору жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө Меморандумдун долбоору жөнүндө;
  • 2020-жылдын 6-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттерде радиоактивдүү материалдарды трансчекаралык ташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин базалык уюмдарынын 2022–2024-жылдарга экономикалык чөйрөдөгү иши жөнүндө;
  • КМШга мүчө мамлекеттердин терапия жана профилактикалык медицина тармагындагы негизги уюштуруусу жөнүндө;
  • 2023-жылдагы 1979-1989-жылдары Афганистандагы согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө, көмүлгөн жерлерди издөө, эксгумациялоо, сөөктөрдү таануу жана өз мекенинде кайра көмүү боюнча иш-чараларды 2020-2024-жылдары ишке ашыруу жөнүндө;
  • 2025-2029-жылдары 1979-1989-жылдары Афганистандагы согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөөнү, сөөктөрдү издөөнү, эксгумациялоону, сөөктөрдү таанууну жана өз мекенинде кайра көмүүнү улантуу жөнүндө;
  • КМШга мүчө өлкөлөрдүн органдарын жана программаларын каржылоо жөнүндө;
  • КМШнын бирдиктүү бюджети жөнүндө.

Связанный пост