Сиань шаарында Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борбору ачылды

Кытайдын Сиань шаарында (Шэньси провинциясы) Кыргыз-кытай соода-экономикалык кызматташтык борбору ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Ачылыш аземи министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Шэньси провинциясынын губернатору Чжао Ган баштаган эки тараптын мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Белгилей кетсек, борбордун жалпы аянты 1000 чарчы метр. Мында Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды көргөзмөгө коюуга жана Кыргызстан тууралуу маалымат алууга, ошондой эле ишкерлер ортосунда эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүгө болот, бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Теманы улай ошондой эле, Сиань шаарынын так ортосунда 200 чарчы метрди ээлеген Кыргызстандын соода күркөсүнүн ачылыш аземи болду. Бул күркөдө Кыргызстанда чыгарылган продукциялар үзгүлтүксүз сатыкка коюлуп турат. Ата-мекендик продукциялар офлайн форматында гана эмес, Douying, Wechat жана Pingduoduo сыяктуу интернет-тиркемелери аркылуу да онлайн сатыкка чыгат.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, бул жалпы 1200 чарчы метр аянт Сиань шаарынын мэриясы тарабынан Кыргызстанга 3 жылга акысыз берилди.

Бул багытта Бакыт Төрөбаев, “Бул соода борбору жана күркөсү — эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өнүгүшүнө түрткү болот жана кытайлык керектөөчүлөр кыргыз продукциялары менен тааныша алат. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирем”.

Андан соң, эки тараптын делегация башчыларынын катышуусунда Кыргызстан менен Кытайдын Шэньси провинциясынын алдыңкы компанияларынын бизнес-форуму болуп өттү, ага эки тараптан 200дөн ашык компаниянын өкүлдөрү катышты.

Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын жана Кытайдын экономика жана коммерция, инвестиция, туризм тармактарындагы мамлекеттик органдарынын жетекчилери, ошондой эле ишкерлер өнөр жай, туризм, транспорт, айыл чарба сыяктуу тармактарда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндама жасап, долбоорлорду сунушташты.

Форумдун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда бир катар инвестициялык макулдашууларга кол коюлду.

Ошондой эле минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн Shaanxi Coal and Chemical Industry Group Co., Ltd компаниясынын жетекчиси Чжан Вэньци менен жолугушуусу болду. Анда тараптар тоо-кен тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин сүйлөшүп, Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө кызматташуу сунушталды.

Связанный пост