Президент иш сапары менен Нью-Йоркко барат

 Президент иш сапары менен Нью-Йоркко барат

Президент Садыр Жапаров 21-24-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн иш сапары менен Американын Нью-Йорк шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“22-сентябрда Мамлекет башчысы Келечек саммитинин ишине катышат, анын алкагында “Келечек пактынын” жыйынтыктоочу документи кабыл алынат.

24-сентябрда, өткөн жылдагыдай эле, Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы ассамблеясынын талааларында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жана башка бир катар эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт”, – деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Связанный пост