Жыл башынан бери Кыргызстандын 59 ишканасы ЕАЭБдин реестрине катталды
			
    8 айда Кыргызстандын 59 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине киргизилип, жалпы 413 ишкана катталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- сүт азыктарын өндүрүү – 44;
 - бал өндүрүү жана сатуу – 68;
 - балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44;
 - эт азыктарын өндүрүү – 21;
 - улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
 - мал союучу ишканалар – 11;
 - тирүү малды өстүрүү, көбөйтүү жана сатуу – 35;
 - канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар -10;
 - жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23;
 - жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 139;
 - жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 14;
 - ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1.
 
Мындан тышкары, Кытайдын реестрине – 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандын реестрине – 43 ишкана (17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10 аарычылык, 7 балык азыктары), Түркиянын реестрине – 12 ишкана кирген.