Дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар кыргызстандыктар Японияга визасыз кире алат

 Дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар кыргызстандыктар Японияга визасыз кире алат

Дипломаттык жана кызматтык паспорттору бар кыргызстандыктар Японияга визасыз кире алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталары бүгүн, 12-сентябрдан тарта күчүнө кирди.

Белгиленгендей, Кыргызстан жана Япониянын жарандары – дипломаттык жана кызматтык/атайын паспорттордун ээлери 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына визасыз кире алышат.

Мындай макулдашуу 2023-жылдын 20-ноябрында Кыргызстандын Япониядагы элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы ноталарды алмашуу учурунда жетишилген.

Связанный пост