ӨКМ: Айрым базарлар өрт кырсыктарын ооздуктоого даяр эмес
Айрым базарлар өрт кырсыктарын ооздуктоого даяр эмес. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борбору маалымдады.
Бүгүн, 2024-жылдын 11-сентябрында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлору тарабынан “Таатан” 1, 2 чакан курулуш базарында жана “Мадина” соода базарында пландан тышкаркы үч күндүк текшерүү иштери башталды.
Соода түйүндөрүндө өрт кырсыктарын болтурбоо, адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо, ишкерлердин материалдык чыгым тартууларына жол бербөө, өрт коопсуздук эрежелеринин туура сакталышын камсыз кылуу жана мыйзамдардын бузулушун аныктоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш-чара башкармалыктын адистери жана ММК өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.
“Таатан 1” базарынын өрт кырсыгына даярдыгын текшерүүнүн жүрүшүндө, өрт өчүрүүчү айрым шаймандардын даяр эместиги, өрт өчүрүүчү баллондор өз убагында кубатталбаганы жана алардын мөөнөтү өтүп кеткени аныкталды. Ошондой эле суу жеңдеринде (шланг) өз мөөнөтүндө белгиленген өлчөмдөгү суу даяр эместиги ачыкталды. Буга байланыштуу үч күндүк текшерүүнүн жыйынтыгында эскертүү ирээтинде акт түзүлмөй болду. Үч күндөн бир айга чейинки убакытта аткарылбаса, 23 миң сом айып салынат.
Ал эми “Таатан 2” базарында өрт коопсуздук жабдуулары техникалык жактан эч кандай талапка жооп бербей турганы белгилүү болду. Базардын администрациясы 4 жыл ичинде практика жүзүндө бир да жолу өрт өчүрүүчү суужеңдерин иштетип көрбөгөнүн, азыркы учурда да кандай иштей турганын биле алышпаганын моюнга алды. Инспекторлор бул боюнча дагы акт түзүп, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдиришти.
“Мадина” базарында бардык өрт коопсуздук техникалары тилсиз жоону ооздуктоого даярдыгы бар экени, өрт өчүрүүчү көлмөдө 113 миң куб суу сакталып турганы көрсөтүлдү. Болгону кездеме сактоочу кампалардын алдына унааларды токтотуу туура эмес, кырсык учурунда өрт өчүрүүчү унаа тоскоолдуксуз өтүшү керектиги эскертилди.
Пландан тышкары текшерүү иштери Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашылган.
ФОТО ИЛЛЮСТРАТИВНОЕ