Мотоцикл, скутер айдагандарга каттуу чаралар көрүлөт

 Мотоцикл, скутер айдагандарга каттуу чаралар көрүлөт

Мотоцикл, скутер айдагандарга каттуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы учурларда мотоцикл, скутерлердин катышуусунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары катталууда. Айрыкча түнкүсүн каттуу үндөр менен жарандардын уйкусун бузуп, катуу ылдамдыктар менен айдап, башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч жаратышууда.

 

Ошол себептүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында эртеңден баштап, өлкө аймагында мотоциклдерге, скутерлерге карата чоң масштабда рейддик иш-чараларды жүргүзөт. Айрыкча тийиштүү докумменттери жок айдаган жарандарага айып салуу менен мотоциклдери айып короо жайына токтотулат.

Связанный пост