Акылбек Жапаров Афганистандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү менен жолукту

 Акылбек Жапаров Афганистандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Афганистандын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Аминдин жолугушуусу болуп өттү.

 

Анда тараптар Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун ар кандай багыттарын талкуулап, пикир алышты.

 

Акылбек Жапаров Кыргызстан Афганистан менен соода-экономикалык мамилелерди, транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө, Афганистандагы кен байлыктарды биргелешип иштетүүгө, энергетика, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташууга, келечектүү долбоорлордун үстүндө жигердүү иштөөгө кызыкдар экенин билдирди.

 

Нурулла Амин жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.

Связанный пост