Бишкекте Новопавловка көрүстөнү жабылды
Бүгүн, 5-сентябрдан тарта Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда жайгашкан Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү иш-чаралары токтотулду.
Муниципалитеттен билдиришкендей, чечим көмүлгөн жерди күтүүгө карата санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында мыйзамда белгиленген тартипте Кыргызстандын экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлү үчүн борбордун корутундуларынын негизинде кабыл алынган.
Белгилей кетсек, маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлүшү мүмкүн.