Билим берүү министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат
Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды электрондук китептерди колдонууга чакырат.
Министрлик окуу китептеринин электрондук варианттары https://kitep.edu.gov.kg/kg электрондук китепкана сайтында жайгаштырылганын маалымдайт.
Мында окуу китептерин компьютер, телефонго жүктөп же кагаз түрүндө басып чыгарып алса болот.
Ошондой эле 2024-2025-окуу жылында окутуу орус жана кыргыз тилинде жүргүзүлгөн Кыргызстандын жалпы билим берүү уюмдары тарабынан колдонулууга уруксат берилген окуу китептеринин тизмеги министрликтин https://edu.gov.kg/posts/ сайтында бар.
Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – https://edu.gov.kg/posts/3328/
Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн – https://edu.gov.kg/posts/3330/