Чет мамлекеттердин Өкмөт башчылары Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

 Чет мамлекеттердин Өкмөт башчылары Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоолор келип түштү.

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

“Азербайжан менен Кыргызстанды терең тарыхый, маданий жана руханий тамырлар, салттуу достук мамилелер, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык байланыштырып турат. Биздин мамлекеттердин башчыларынын күч-аракетинин аркасында азербайжан-кыргыз мамилелери активдүү саясий интенсивдүү байланыштар жана диалогдор, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы өз ара пайдалуу кызматташтык менен мүнөздөлгөн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жеткени кубандырат. Биздин биргелешкен күч-аракетибиз Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө, өлкөлөрүбүздүн бир тууган элдеринин жыргалчылыгы үчүн түрдүү чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу демилгелерди натыйжалуу ишке ашырууга көмөк көрсөтөт деп ишенем. Ушул даталуу күнү Сизге бекем ден соолук, жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстанга гүлдөп өнүгүү каалайм”, — деп айтылат куттуктоодо.

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Армения менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди чыңдоого багытталган биргелешкен күч-аракеттер мындан ары да эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө салым кошот деп ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

Венгриянын Премьер-министри Орбан Виктор Министрлер Кабинетинин башчысын жана кыргыз элин Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы менен куттуктады.

«Биздин эки тараптуу мамилелерибиздин салттарынын негизинде Венгрия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары көптөгөн тармактарда өнүгүп жатканына кубанычтамын. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер өз ара урматтоого негизделген өнөктөштүктү тереңдетүүгө чоң салым кошот деп ишенем. Келечекте эки тараптуу мамилелерибизди, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагындагы кызматташуубузду чыңдоого салым кошкон ар бир демилгеде менин Өкмөтүмдүн колдоосуна ишене алаарыңызга ишендирем», – деп айтылат куттуктоодо.

Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, достук мамиледеги кыргыз элине бакубатчылык, ийгиликтерди жана узун өмүр каалады.

“Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында өз ара колдоого жана бири-бирин урматтоого негизделген биздин мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн чыңдалат жана бекемделет деп ишенем. Ушул маанилүү күнү Грузия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө салым кошууга даяр экенимди дагы бир жолу билдиргим келет”, — деп айтылат куттуктоодо.

Иран Ислам Республикасынын Биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф өз кайрылуусунда дос жана боордош Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

«Эки өлкөнүн жемиштүү кызматташтыгы биргелешкен күч-аракет жана бардык тармактарда эки өлкөнүн кызыкчылыктарына ылайык көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу мындан ары да кеңейе берет деп ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

Улуттук майрамга карата Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов куттуктоо жөнөттү.

“Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда бардык тармактарда масштабдуу жана комплекстүү реформалар жүргүзүлдү. Калктын турмуш децгээли кыйла жогорулап өлкөдө реформалар жүргүзүлүп жатат. Жалпы тарыхый тамыры бар өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жана колдоо деминдеги стратегиялык өнөктөштүк биздин потенциалыбыздын горизонтторун мындан ары да кеңейтет деп ишенем. Сизге бекем ден соолук, түгөнгүс күч-кубат жана бардык иштериңизге ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, — деп айтылат телеграммада.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду.

«Акыркы жылдары Кыргызстан бардык тармактар боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, динамикалуу өнүгүп жатат. Ишке ашырылып жаткан реформалар өлкө эли жана эл аралык коомчулук тарабынан жогору бааланып жатат. 2024-жылдын 18-19-июлунда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Миромонович Мирзиёев менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун ортосундагы жемиштүү жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар болуп өткөнүн белгилегим келет. Мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана жакшы коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да динамикалуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз мамлекеттерибиздин башчылары койгон максаттарга жана милдеттерге өз убагында жана сөзсүз түрдө жетишүүнү камсыздайбыз, бул өз ара пайдалуу өзбек-кыргыз кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөнү камсыз кылат деп ишенем. Урматтуу Акылбек Үсөнбекович, Сизге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңизде чоң жеңиш, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүү каалайм», – деп айтылат телеграммада.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

“Сиздерди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Достук, өнөктөштүк жана союздаштык принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелери кеңири чөйрөдө өнүгүп жатат. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтык бекемделип, аймактар аралык жана ишкердик байланыштар кеңейүүдө. Евразия экономикалык биримдигинде жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары илгерилетүү жана интеграцияны тереңдетүү кызыкчылыгында кыргызстандык өнөктөштөр менен активдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экенимди ырастайм. Урматтуу Акылбек Үсөнбекович, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалайм”, — деп белгиленет телеграммада.

Майрамга карата Түркия Республикасынын Вице-Президенти Жевдет Йылмаз куттуктоосун жолдоп, Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

“Биздин өлкө дос жана боордош Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныганына ар дайым сыймыктанабыз. Жалпы тил, тарых жана маданий байланыштар менен бекемделген стратегиялык мамилелерибиз эки тараптуу деңгээлде, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюму сыяктуу көп тараптуу платформалардын алкагында мындан ары да өнүгө берет деп ишенем”, — деп айтылат куттуктоодо.

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Бул маанилүү күн сиздин өлкөнүн бай маданий мурасын, жетишкендиктерин жана тынымсыз прогрессин эскерет. Чехия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы салттуу жакшы мамилелер ар дайым достук маанайда өнүгүп келген жана биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуу мындан ары да өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда тереңдей берээрине ишенем. Сиздин өлкөңүзгө жана сизге бардык жакшылыктарды жана зор ийгиликтерди каалайм», – деп белгиленет телеграммада.

Связанный пост