Бишкектин аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды
УКМК: Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 40тан ашуун адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алдында Мамкомитет тарабынан пландуу фильтрациялык иш-чаралардын натыйжасында визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 42 чет өлкөлүк жаран (Бангладеш – 35 жана Пакистан-7) аныкталды.
Тартип бузгандар Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана кийин Кыргызстандын чегинен тышкары депортациялоо үчүн өткөрүлүп берилди.