МСК: Жети айда 5,6 млрд сом жашырылган салыктар кошумча эсептелди

 МСК: Жети айда 5,6 млрд сом жашырылган салыктар кошумча эсептелди

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-июль айларындагы салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 5 млрд 685,2 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасын кошумча эсептеди.

 

Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинде камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 3 млрд 656,9 млн сом, көчмө текшерүүлөрдө 2 млрд 28,8 млн сом суммасында салык бузуулар аныкталган.

 

Ошондой эле салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча келип түшүүлөр (өткөн мезгил үчүн актылар боюнча төлөмдөрдү кошкондо) 3 млрд 809 млн сомду түздү.

 

Мындан сырткары, Салык кызматы 2024-жылдын 7 айында укук коргоо органдары менен биргелешкен салык текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 462,7 млн сом өлчөмүндөгү салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасын кошумча эсептеди.

Связанный пост