Кыргызстанда айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу 67% түзөт

 Кыргызстанда айыл чарба техникалары менен камсыз кылуу 67% түзөт

Азыркы учурда республика боюнча 80 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, анын ичинен тракторлор 21 миң 627и даана, дан комбайндары 1 миң 960 даана, соко – 10 миң 786, үрөн сепкичтер 3 миң 124, чөп чапкычтар 4 миң 185, прессподборщиктер 3 миң 17, тырмоолор 2 миң 880, үрөн тазалагычтар 740, трактор чиркегичтери 9 миң 364, малалар 14 миң 445, культиваторлор 3 миң 848, жер семирткич чачкычтар 670, кызылча комбайны 74, жүгөрү комбайны 127, пахта жыйноочу комбайны 4, картошка жыйноочу машинасы 780, арык казгычтар 367 жана башка техникалар.

 

Ошондой эле өлкөнүн айыл чарба техникалар менен камсыз болуусу 67% түзөт. Ал эми калган 33% айыл чарба техникалары жетишсиз, башка айтканда республика 30 миңден ашык айыл чарба техника талап кылынат.

Связанный пост