МСК: 7 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 18,6 млрд сом карыз өндүрүлдү

 МСК: 7 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 18,6 млрд сом карыз өндүрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы январь-июль айларында салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды азайтуу боюнча иш-чаралардын алкагында республиканын бюджетине 18 млрд 681,1 млн сом түшүүнү камсыздады.

 

Ведомстводон билдиришкендей, бул суммадан салык карыздары боюнча 17 млрд 198,2 млн сом жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 1 млрд 482,9 млн сом өндүрүлгөн.

 

2024-жылдын 1-августуна карата республикада салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 253 миң 250 субъекттин жалпы 59,7 млрд сом карызы бар.

Связанный пост