Кыргызстанда 1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынды

 Кыргызстанда 1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынды
Кыргызстанда азыркы тапта 1-класска 113 миңден ашуун бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Учурда катталган жерине карабастан, бош орундары бар мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына балдарды электрондук каттоо жүрүүдө.
Ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр https://mektep.edu.gov.kg/ маалыматтык системасы аркылуу мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттоо үчүн өтүнмө жибере алышат.
Электрондук каттоо 2024-жылдын 30-августуна чейин созулат.

Связанный пост