Бакыт Төрөбаев куруучулар күнүнө байланышкан иш-чарага катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын куруучуларынын кесиптик майрамына карата Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде уюштурулган иш-чарага катышты.

 

Өз сөзүндө минкаб төрагасынын орун басары курулуш тармагынын кызматкерлерин өлкө президенти, жалпы министрлер кабинети жана жеке өзүнүн атынан майрамы менен куттуктап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн курулуш тармагында да көптөгөн долбоорлор жана милдеттер турганын айтып, аларды ишке ашырууда куруучулардын негизги максаттарынын бири экендигин белгиледи.

 

Андан соң Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийинки абалы менен таанышып чыкты.

 

Белгилей кетсек, президенттин “Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 64 социалдык объект ишке берилет, бүгүнкү күнгө чейин Мамкурулуш тарабынан 33 объект бүткөрүлдү.

 

Ал эми 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгында курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө боюнча 83 объектти бүткөрүү пландалууда.

Связанный пост