ЖКККББ: Кошумча жабдууларды мыйзамсыз орноткон 234 авто унаа айып короо жайына киргизилди

 ЖКККББ: Кошумча жабдууларды мыйзамсыз орноткон 234 авто унаа айып короо жайына киргизилди

Кошумча жабдууларды мыйзамсыз орноткон 234 авто унаа айып короо жайына киргизилди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан өлкө аймагында 5-августтан тартып, “Кошумча жабдык” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.

Азыркы учурда айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды өз алдынча мыйзамсыз орнотуп алган жана техникалык кемчиликтери аныкталган 234 авто авто унаа айып короо жайына киргизилип, жалпысынан 2 млн. 76миң сом айып салынды.

Связанный пост