Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта, иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди.

 

Мамлекет башчысынын борту Астана шаарындагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду.

 

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

 

Аэропорттун флагштокторуна Борбордук Азия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлгөн, Ардак кароолдун ротасы тизилген.

 

Эске салсак, иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышат.

Связанный пост