Чолпон-Атада Президенттин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 8-августта, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

 

Аземге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурлан Шакиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Соттун Төрагасы Замирбек Базарбаев, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

 

“Рух Ордо” Маданий борборунда өткөрүлүп жаткан иш-чара Президенттин Иш башкармалыгынын ишмердүүлүгүнө жана жетишкендиктерине арналган видеороликти көрсөтүү менен башталды.

 

Сөз сүйлөп жатып, Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентинин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, кызматкерлердин ырааттуу ишин белгилеп, башкармалык чоң ийгиликтерге жетишип жатканын айтты.

 

Ал Президенттин Иш башкармалыгы учурда коммуникацияларды, ирригацияларды жана жаңы имараттарды оңдоо жана куруу, кызмат көрсөтүүнүн жана тейлөөнүн жаңы системаларын түзүү аркылуу өлкө тургундарынын жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүүгө багытталган милдеттердин кеңири спектрин көрсөтүп келатканына токтоло кетти.

 

Мамлекет башчысы Иш башкармалык Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин ишмердигин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан тейлөөдөн сырткары, өлкөбүздүн өнүгүү жолуна түшүүсүнө кошуп жаткан салымын да баса белгилей кетти.

 

Андан кийин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.

 

Кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу:

 

“Даңк” медалы менен

 

Акматова Райкан Ороскуловна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүнүн врач-терапевти сыйланды;

 

 

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти” деген ардак наам:

 

 

Джунушев Талантбек Асаналиевичке – Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басарына ыйгарылды;

 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген ардак наам

 

Мамырова Нурия Акматкановнага – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысына ыйгарылды;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

 

Асанходжаев Ленард Алтымышович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин № 2 мамлекеттик резиденциясы” мамлекеттик мекемесинин башкы инженери;

 

Байгазиева Рапия Джамантаевна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз деңизи” мамлекеттик ишканасынын башкы врачы – дарылоо-ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы;

 

Бобровская Светлана Георгиевна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы” мамлекеттик мекемесинин материалдык жана техникалык камсыз кылуу кызматынын кампа башчысы;

 

Джапарова Мира Дилденбаевна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы;

 

Джолдошов Данияр Буудайыкович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

 

Дыйканов Талгар Уметбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын экономика жана пландаштыруу бөлүмүнүн референти;

 

Жусубакунов Тыныбек Отунчиевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Автотранспорттук ишкана” мамлекеттик мекемесинин айдоочусу;

 

Касымов Чыңгыз Сакымаматович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыздипсервис” мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасынын башкы директору;

 

Кудайкулов Нурлан Абдымажитович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

 

Лещев Антон Сергеевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Манас” Президенттик камералык оркестри” мамлекеттик мекемесинин оркестр артисти;

 

Маматов Адылбек Самаганович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

 

Муканбетов Абдырашит Муканбетович – “Учкун” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы;

 

Тапаев Ильгиз Канатбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын маркетинг жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы;

 

Тынымова Джамиля Асановна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн техникалык, кенже тейлөөчү персонал жана кадрдык документтердин архиви менен иш алып баруу секторунун референти.

 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыяланды:

 

Дюшенкулова Кенжекуль Сагынбековнага – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “№ 144 бала бакча” мамлекеттик мекемесинин методисти;

 

Кичикенова Нурчаги Тургамбековнага – Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын бухгалтери.

Связанный пост