Кыргызстанда 59 миңдей педагог окуудан өткөрүлдү

 Кыргызстанда 59 миңдей педагог окуудан өткөрүлдү

Билим берүү жана илим министрлиги акыркы эки жылда “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында пилоттук 1200 мектептеги 59 миңге жакын мугалимдин кесиптик көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатты.

 

Окутуулар 2023-жылдын февраль айынан башталган жана 2024-жылдын август айында аяктайт. Тренингдер гибрддик форматта – оффлайн жана онлайн режимде өтүп жатат:

 

• “Санариптик сабаттуулук” программасы боюнча – 36 миң мугалим;

• “Инновациялык педагогикалык технологиялар” (башталгыч класс мугалимдери) программасы боюнча – 7 миң мугалим;

• “Инновациялык педагогикалык технологиялар жана STEM билим берүүнүн негиздери” программасы боюнча – 8 миң мугалим;

• “Коррекциялык окутуунун техника жана ыкмалары” программасы боюнча – 7 миң мугалим.

• “Балалык” программасы боюнча – 827 тарбиячы (кыска мөөнөттүү 560 бала бакчанын тарбиячылары).

 

Белгилей кетсек, тренингдердин максаты – окутуунун натыйжаларын жакшыртуу, мугалимдердин компетенттүүлүк деңгээлин жана педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүү.

 

Бардык окутуу программалары мугалимдерди окутуу системасына киргизилген.

Связанный пост