Бакыт Төрөбаев кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун ачууга даярдыктардын жүрүшү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хунмэй кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” багыты боюнча унаа жолдун курулушунун оң динамикасын белгилешти.

 

Ошондой эле жолугушуунун алкагында тараптар биргелешип курулуп жаткан инфраструктуралык объекттерди көрүп чыгышты.

 

Белгилей кетсек, 2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун ачуу боюнча макулдашууга жетишилген.

 

“Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту жакын арада ачылаары пландалууда.

Связанный пост