ЖКККББнын жумушчу тобу КМШ өлкөлөрүнүн ЮИДД кароо-сынагын өткөрүүчү жайынын даярдыгы менен жеринен таанышты

ЖКККББнын жумушчу тобу КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү (ЮИДД) кароо-сынагын өткөрүүчү жайынын даярдыгы менен жеринен таанышты. Бул тууралуү ЖККББнын басма сөз кызматы билдирди.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын 21-24-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы Ысык-Көл берметинин жээги “Дельфин” пансионатында өткөрүлөт. Ошол себептүү ЖКККББнын башчысы милициянын поковниги Жеңишбек Жоробеков кароо-сынактын өткөрүлүүчү жайынын даярдыгы менен жеринен таанышып, аныкталган кемчиликтерди жана аткарылуучу жасалгалоо, жабдыктоо иштеринин тез аранын ичинде бүтүрүү боюнча эл аралык кароо-сынагынын уюштуруу камитетине талап-тапшырмаларды койду.

 

Башкы башкармалыктын жетекчи келген конокторду тосуп алып, аларды жайгаштырууда жаткыруучу бөлмөлөрүнүн абалын, кароо-сынагы өткөрүлүүчү жайды жасалгалоо, жабдыктоо жана техникалык абалын, суу жээгиндеги коопсуздуздук чараларын, маданый жана спорттук аянтчаларын, тамактануучу жайларын жеринен көрүп, кароо-сынагынын уюштуруу камитетине бул өспүрүмдөрдүн катышуусундагы эл аралык деңгээлдеги иш-чараны кемчиликсиз жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрүлүп, тийиштүү иш-мерчемдерди иштеп чыгууну, уюштурууну, даярданууну күчөтүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Связанный пост