“Мурас” ипотекалык турак жай комплексиндеги 11 үй күзүндө пайдаланууга берилет

 “Мурас” ипотекалык турак жай комплексиндеги 11 үй күзүндө пайдаланууга берилет

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев Бишкек шаарында Маликов көчөсү, 91 дарегинде курулуп жаткан “Мурас” ипотекалык турак жай комплексинин курулушунун жүрүшүнөн кабар алды.

 

“Кыргызстройсервис” мамлекеттик курулуш ишканасынын жетекчиси Алмаз Акматов билдиргендей, аталган турак жай комплексиндеги 11 үй күзүндө пайдаланууга берилет.

 

Анын айтымында, быйыл бериле турган батирлердин ички ремонт иштери жүрүп жатат.

 

“Мурас” турак жай комплексинде жалпысынан 39 блоктон турган көп кабаттуу үйлөр курулат. Курулуш 3 этап менен жүрүп, былтыры жазында биринчи этаптагы 18 кабаттан турган 11 үйдүн курулушу башталган. Ал эми май айында курулуштун экинчи этабы колго алынган.

 

“Мурас” комплексинде мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары, унаа токтоочу жайлар, дарыкана, соода дүкөндөрү болот. Турак жай комплекстин автономдуу от казанын куруу иштери жүрүүдө. От казан көп кабат үйлөрдү жылуулук жана жылуу суу менен камсыздайт. “Мурас” комплексинин үстүңкү кабаттарына сууну жетиштүү деңгээлде камсыздоо үчүн насостук станция куруу иштери да жүрүп жатат.

Темиркул Балтабаев курулуш объектисин кыдырып чыгып, курулуш жана ремонт иштерин тездетүүнү жана сапатына жакшы көңүл бурууну тапшырды.

 

Маалыматта белгиленгендей, “Мурас” комплексинде көп кабат үйлөр монолит технологиясын колдонуу менен курулууда. Монолит технологиясы курулуш жаатында бекемдиги менен айырмаланып, сейсмикалык жактан туруктуулугу жогору болуп эсептелет.

 

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2023-жылы ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталган. Учурда өлкө боюнча 12 659 батирдин курулушу жүрүп жатат. “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 миң 351 батирдин курулушу башталат.

 

Жалпысынан “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында 30 миңдей батирдин курулушу пландалган.

Связанный пост