Бүгүн Кыргызстанда абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуу башталды
Бүгүн, 15-июлда Кыргызстанда 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон маалымдашкандай, абитуриенттерди кабыл алуу жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 5 тур менен өтөт:
I тур – 15–20-июль
- сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо – 15-17-июль;
- сынакка катышуу үчүн каттоону аяктоо – 17-июль саат 14:00;
- окууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмелерин жайгаштыруу – 18-июль саат 10:00гө чейин;
- абитуриенттердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун тастыктоосу – 18-20-июль саат 16:00гө чейин.
“Абитуриент онлайн” сайты – https://2020.edu.gov.kg/vuz
ЖОЖдор жөнүндө маалымат – https://2020.edu.gov.kg/universities
Нускамага шилтеме:
кыргыз тилинде – https://www.youtube.com/watch?v=qtJ9tMgIPhM
орус тилинде – https://www.youtube.com/watch?v=9hWSJA7dGGM