Кыргызстанда бир жумада 22 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 8-июлдан 14-июлга чейин, алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 46 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 282;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 216;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 63;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 852;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 418;
- авто ээнбаштык — 9;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу — 5 388;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 611;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 608 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.