Ош облусунда селден канча объект жабыркагандыгы айтылды

 Ош облусунда селден канча объект жабыркагандыгы айтылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Ош облусунда селден улам канча объект жабыркагандыгы тууралуу билдиришти.

Министрликтин ыкчам маалыматы боюнча, Ош облусунун Кара-Суу районунун жалпы 3 айыл аймагында тактап айтканда Мады, Датка, Баш-Булакта:

  • 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП);
  • 642 турак үйгө суу кирген.

Ош шаары боюнча:

  • 1 соцобьект (1 бала бакча);
  • 146 турак үйгө сел суусу кирген.

Жеринде тактоо жана сел кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Анын кесепетинен Төлөйкөн айылындагы “Мөл-Булак” эс алуу борборунда бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – 4 адамды жана дагы бир аялды сел агызып кеткен. Алардын биринин сөөгү табылды. Мындан тышкары, соода күркөлөрүн, унааларды агызган. Учурда издөө-куткаруу, селдин кесепеттерин тазалоо иштери күчөтүлгөн режимже уланууда.

Связанный пост