Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө

 Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө

Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, сел агызып кеткендер бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – 1980-жылы туулган Д. Н. (аял киши), анын кыздары 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М. жана 2018-жылы туулган С. Алар Төлөйкөн айылындагы “Мөл-Булак” эс алуу борборунда эс алып жүрүшкөндө сел агызып кеткен.

Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 14:00дөр чамасында катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли нугунан ашып, борбордук базарды, Төлөйкан айылын жана Озгур айылындагы Борубай-Ата эс алуу жайын каптаган. Акыркы маалыматтар боюнча, жеринде куткаруучулар 500гө жакын адамды эвакуациялап, учурда күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Связанный пост