Кыргыз-кытай чек арасы бир күнгө жабылат
Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары убактылуу жабылат.
Чек ара кызматынан билдиришкендей, бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Кытайда өтчү “Ажыдаар кемеси” майрамына байланыштуу жабылат.
“Бекеттер 10-июнь күнү убактылуу жабык болот. Транспорт, жүк ташуучу унаалар жана жөө жүргүнчүлөрдү 11-июндан тарта өткөрө баштайт”, – деп айтылат маалыматта.