Бажычылар 26 тоннадан ашык кездемени мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктады

 Бажычылар 26 тоннадан ашык кездемени мыйзамсыз ташып келүү фактысын аныктады
«Түндүк» темир жол бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери КР УКМКнын 6-башкы башкармалыгы менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Ак-Тилек» постунда Казакстан Республикасынын жараны «Д.Д.С.» башкаруусунда «VOLVO FH12» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан.
Жүк Казакстандан Кыргызстанга алуучу «А.К.» ЖЧКнын дарегине бара жаткан. Жүк бөлүгүн текшерүү учурунда 580 рулон өлчөмүндө, жалпы салмагы 26 100 кг чет элдик (болжол менен КЭРден) продукциянын маркасы бар кездемелер табылган.
Алгачкы текшерүү учурунда айдоочуда Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган. Иштин жагдайлары такталганга чейин автоунаа жүк менен бирге «Кант БТЖ» БИ МИге жоопкерчиликтүү сактоого киргизилген. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 1 198 233 сомду түздү.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост