Кыргызстанда акыркы жумада 275 мас айдоочу аныкталды
Кыргызстанда 20-майдан 26-майга чейин алдын ала маалымат боюнча, 21 миң 128 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 338;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 275;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 79;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 737;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 408;
- авто ээнбаштык – 26;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 316;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 943
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 560 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.