Кыргызстанда жер титирөө катталды

 Кыргызстанда жер титирөө катталды
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-майда түнкү саат 3:39да өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында 2,5 баллга чейин сезилген ( Миң-Куш айылынан 11 чакырым түштүк чыгышта, Ак-Булак айылынан 12 чакырым түштүк чыгышта, Кош-Булак айылынан 18 чакырым түндүк батышта жайгашкан).
Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Связанный пост