Таласта 27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүрүп кетишти

 Таласта 27 жаштагы келинди эки баласы менен өлтүрүп кетишти

Айтматов районунда үрөй учурган окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майда саат 00:37 чамасында 102 кызматына Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүү фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Тергөө-ыкчам аракетин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары аталган айылдын тургуну 1976-жылы туулган К.Н.ны издеп табуу үчүн ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөөсү үчүн чектөө коюлду. Шектүү мурда сот жообуна тартылган.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда Талас облустук жана Айтматов райондук милиция кызматкерлери тарабынан жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост