Энергетика министри ЖЭБдин күз-кыш мезгилине даярдыгынын жүрүшүн текшерди
Өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек Жылуулук электр борборунда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктын жүрүшү менен таанышты.
⠀
Жумушчу сапарынын жүрүшүндө министр турбиналык жана отказан цехте жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
⠀
Ошондой эле, Таалайбек Ибраев Бишкек Жылуулук электр борборуна болгон иш сапарынын алкагында ишкананын жетекчилиги жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
⠀
Жыйындын жүрүшүндө министр ишкананын жетекчилигине оңдоо иштерин тездетүүнү жана бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча кызматкерлер менен тыкыр иштерди жүргүзүүнү тапшырып, мекеменин жетекчилигине конкреттүү тапшырмаларды берди 2024/2025-жылдардын кышкы мезгилин ийгиликтүү аяктоо жана Бишкек шаарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүүлүк менен камсыздоону уюштуруга.