Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында күз-кыш мезгилине даярдык иштер кызуу жүрүүдө
Таш-Көмүр ГЭСтер каскадында күз-кыш мезгилине даярдык иштер активдүү жүрүүдө.
“Электр станциялар” ААКтан билдиришкендей, аталган ГЭСтер каскадына Таш-Көмүр, Шамалды-Сай жана Үч-Коргон ГЭСтери кирет.
Учурда ГЭСтер каскадында 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүп, калкты электр энергиясы менен камсыздоо максатында активдүү иш алып барылууда.
Анын ичинен 13-майдан тарта Таш-Көмүр ГЭСинде ГА-2 гидроагрегатын жана Т-2 блогунун трансформаторун пландуу оңдоо иштери аткарылууда. ГЭСте ар бир негизги жана көмөкчү жабдыктарга кылдаттык менен ремонт жүргүзүлөт.
Шамалды-Сай ГЭСинде №2 гидроагрегатты капиталдык жана №2 блоктук трансформаторду пландык оңдоого чыгаруу башталууда. Кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн коюлган пландын алкагында негизги жана калган көмөкчү жабдыктарга оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Үч-Коргон ГЭСинде 2024-жылдын март айынан баштап ГА-4 гидроагрегатын реконструкциялоо иштери, апрель айынан тарта ГА-2 гидроагрегатын капиталдык оңдоо иштери башталган. Учуда көмөкчү жабдыктарды план боюнча оңдоо жана экинчи схемаларды профилактикалык калыбына келтирүү жана ГА-4 монтаждоо жана демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, Таш-Көмүр ГЭСтер каскады (Таш – Көмүр, Шамалды – Сай, Үч – Коргон ГЭСтери) калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ноябрь айына чейин ремонттук иштери бүткөрүлүп, күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болушу керек.