Ысык-Көл облусуна 4 ай ичинде 173,5 млн сом каржыланды
Ысык-Көл облусуна 4 ай ичинде 173,5 сом каржыланды. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ыск-Көл облусу боюнча 2024-жылдын 4 айында республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 108,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган., анын ичинен:
1. Теңдөөчү трансферт – 77,6 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 10,3 млн сом;
3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 20,5 млн сом;
Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 65,1 млн сом бөлүнүп берилди.
Жалпы – 173,5 млн сом.